Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда акыркы коңгуроо аземине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

08.06.2022 10:21
1054
Жалал-Абадда акыркы коңгуроо аземине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

 "Акыркы коңгуроодо" Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган 100гө чукул кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалым болгондой, майрам күндөрү окуучулардын башкаруусундагы унаалар аныкталса мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.


“9-июнда өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарында "Акыркы коңгуроо" салтанаты уюштурулат. Бул күнү жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бардык район-шаарлардагы кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт", - деп айтылат маалыматта.


Жол көзөмөлдөөчүлөр ал күнү ата-энелерди уул-кыздарына автоунааларын бербөөгө чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн