Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда алтын өндүргөн фирманын жетекчиси 1,5 кг алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абадда алтын өндүргөн фирманын жетекчиси 1,5 кг алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалды

Алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, УКМКнын Жалал-Абад областынын Башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.


Такталгандай, «О.Т.» фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.


Мындан сырткары, «О.Т.» ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып ал ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 26-августунда Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Сосновка» постунан, салонунда ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 кг жакын мыйзамсыз казылып алынган алтынды ташып бара жаткан «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.


Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында «О.Т.» компаниянын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, КР Кылмыш- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК Жалал-Абад областынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн