Бугу 07, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жалал-Абадда асынып алган 26 жаштагы жаранды милиция куткарып калды

06.09.2021 15:30
794
Жалал-Абадда асынып алган 26 жаштагы жаранды милиция куткарып калды

Кара-Көл шаарынын 26 жаштагы тургуну үйүнүн алдындагы даракка асынып алган жеринен милиция кызматкерлери тарабынан куткарылды.


Аталган окуя ушул жылдын 3-сентябрында болгон.


Маалым болгондой, шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө шаардын Сабиров көчөсүнүн тургуну үйүнүн алдындагы даракка агасы асынып алгандыгы тууралуу билдирген.


ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, өрүк бакка асылып турган жигитти табышкан. Бул маалда ал эс-учун жоготуп, кыймылсыз абалда болгон. Милиция кызматкерлери аны дароо жиптен бошотуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин шаардык ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө киргизилген. Ал жактан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, аталган жигиттин өмүрү сакталып калган.


Бул окуя боюнча топтолгон материал ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Жазык кодексинин 137-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


1995-жылы туулган К.К. окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгон. Өзүнүн айтымында, эмне кылып жатканын билген эмес.


«Өзүмдү жаман сезип жаткам. Дене табым көтөрүлүп, тарамышым тартышып, шок абалда болгом. Ошол маалда эмне кылып жатканымды деле билген жокмун. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Дарыгерлер эмне болуп түшкөнүмдү айтты.


Буга чейин баш айланып жыгылып, демим кыстыгып калчумун. Мындай көрүнүш 2012-жылдан бери болуп келет. Ал эми бул кадамга биринчи ирет барып жатам. Учурда акыбалым жакшы, дарыланып жатам. Мага жардам берип, өмүрүмдү сактап калган милиция кызматкерлерине, дарыгерлерге ыраазымын. Чоң рахмат», - деди ал.


К.К.нын өмүрүн сактап калууга көмөктөшкөн ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн милиция кызматкерлери — милициянын майорлору Эсенгулов Б., Касымалы уулу К., милициянын улук лейтенанты Мамашаев Э. жана оперкызматкер Сыдыков У. болгон.


«Ошол күнү Бишкектен карындашы нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, бир тууган агасы үйүндө жалгыз жашарын, өз өмүрүнө кол салганын билдирген. Биз окуя болгон жерге дароо эле жетип бардык. Алгач даректи издедик. Бизге телефон чалган карындашы үйдүн дарегин так берген эмес экен. Анан биз болжолдуу үйдү карап баратып, баланын бакта асылып турганын көрдүк. Караңгы эле. Телефондун жарыгы менен бара жатканбыз. Анан түшүрдүк. Каза болуп калган го деп ойлогонбуз. Түшүргөндөн кийин жасалма дем алдырып, көкүрөгүнө, башына, буттарына укалоо жасап баштаганда бир аз үн чыккандай болду. Тез жардам чакырсак, алар башка жакка кеткен экен. Өзүбүз кызматтык унаа менен жандандыруу бөлүмүнө жеткирип, дарыгерлерге өткөрүп бердик. Анан бир суткадан кийин өзүнө келгенин билдик», - деди милиция кызматкерлери.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн