Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жалал-Абадда аты-жөнүн өзгөртүп алган кылмышка шектүү кармалды

24.02.2023 10:11
396
Жалал-Абадда аты-жөнүн өзгөртүп алган кылмышка шектүү кармалды

Сузакта «Ууру» аталышындагы иш-чара учурунда издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


    Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин (эски редакциясы боюнча) 203 (Опузалап талап кылуу) жана 253-беренелери (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталган, Сузак районунун 1992-жылы туулган тургуну Д.Ю. карата (мурдагы аты О.Т., аты-жөнүн өзгөртүп алган) 2022-жылдын декабрь айында Сузак райондук сотунун камакка алуу токтому чыгып, анын негизинде Сузак РИИБи тарабынан издөөгө алынган.  


    2023-жылдын 22-февраль күнү, облус аймагында өтүп жаткан «Ууру» аталышындагы атайын иш-чарасы учурунда, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, мурда соттолгон, Сузак районунун 31 жаштагы тургуну Д.Ю. жашынып жүргөн жеринен кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн