Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда аялдын оозун, колдорун скотчтоп 300 миң сомун уурдап кеткен жарандар кармалды

26.12.2022 13:49
773
Жалал-Абадда аялдын оозун, колдорун скотчтоп 300 миң сомун уурдап кеткен жарандар кармалды

Милиция Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топту кармады. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну 2022-жылдын 16-декабрь күнү саат 05:00 чамасында телефон чалган. Анда 2022-жылдын 16-декабрь күнү саат 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 000 (үч жүз миӊ) сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.


Аталган маалымат ошол эле күнү Базар-Коргон РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1988-ж.т. М.Ш., Ноокен районунун 1999-ж.т. тургундары Ж.У. жана С.М. кармалышкан. Шектүүлөр 25-декабрда Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-беренелеринин негизинде Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн