Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 12:23
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Жалал-Абадда айдоочу 35 миң сом айыпка жыгылды

09.10.2024 10:17
428
Жалал-Абадда айдоочу 35 миң сом айыпка жыгылды


Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 35 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу атайын автоээнбаштык жасап жаткандыгы көрсөтүлгөн видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү айдоочуну кармап, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.

Ошондой эле, унаасында жасалма номер салып жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн