Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 10:22:12
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Жалал-Абадда балдары менен тилемчилик кылып жүргөн 12 жаран аныкталды (сүрөт)

26.06.2020 12:39
1100
Жалал-Абадда балдары менен тилемчилик кылып жүргөн 12 жаран аныкталды (сүрөт)


Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген жарандарга карата рейд жүргүзүлүп, алардын жашаган жерлери текшерилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.  


Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө 12 жаран балдары менен сырттан келишип, тилемчилик кылаары аныкталды. 


"Алардын өздүктөрү такталып, Ош облусунун Кара-Суу районуна тиешелүү кызматтардын коштоосунда, санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо менен жеткирилди. 


Ал эми карантин мезгилин эске албай жарандардын чогулушуна жана убактылуу жашаган үйдүн санитардык абалы тиешелүү талапка жооп бербегендиги үчүн үйлөрүн ижарага берген атуулдарга айып пулдар салынды", - деп айтылат маалыматта. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн