Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда балык улоого кеткен бойдон дайынсыз болгон жеткинчектер табылды

21.08.2020 09:55
923
Жалал-Абадда балык улоого кеткен бойдон дайынсыз болгон жеткинчектер табылды

 

Сузак районунда балык улоого кеткен бойдон дайынсыз болгон жеткинчектер табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти

 

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 20:00 чамасында Масадан айылындагы каналыга 2 жаш бала (2012-жылы туулган жана 2010-жылы туулган) балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери жана туугандары тартылган.


Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн