Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жалал-Абадда баңгизат ташыган аял кармалды

Жалал-Абадда баңгизат ташыган аял кармалды

Жалал-Абад облусунда «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка таянсак,  Кылмыш-Жаза кодексинин 283-беренесинин 2-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында (өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) Жалал-Абад облусунун «Чычкан» постунда, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү ууна токтотулуп, анда баңгизаттарды ташыган ыкчам маалымат боюнча жүргүнчү болгон.


Унааны текшерүүнүн жүргүзүү учурунда ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баштык заттар табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 615 граммды түзгөн.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.

Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну Ш.А. экендиги аныкталган.


Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн