Бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган жаран бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
КР УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР “М.А.” аттуу жараны аныкталып бошотулду, ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.А.” иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.
2022-жылдын 17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин пресс-конференциясына катышуу менен чектелишти.
Арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январынын кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында “А.М.”, “М.К.”, “Р.И.” жана “А.Я.” кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн