Бугу 02, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жалал-Абадда бир ай мурда кылмыш жасаган жаран кармалды

28.03.2023 09:42
314
Жалал-Абадда бир ай мурда кылмыш жасаган жаран кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милициягы А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада (круговой) “Эдик” аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.


Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен КБРге катталып, кылмыш иши козголгон. 


Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну 1988-ж.т. С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн