Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда бир күндө 34 кылмыш катталды

Жалал-Абадда бир күндө 34 кылмыш катталды


Өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдөнүп жатат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. 


2020-жылдын 14-апрелинен 15-апрелге караган бир сутка ичинде облус аймагында баары болуп – 34 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү болгону менен бардыгынын бети ачылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.


Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1281 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 7 атуул, ал эми Сузак районунан – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 9 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 92 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн