Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды

Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды


Жалал-Абад ШИИБне 1993-ж.т. шаар тургуну Э.Р. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 3-май күнү 17:00 чамасында көп кабаттуу үйдүн подъездинен баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук «Трикс» үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган фактынын бетин изин суутпай ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1986-ж.т. тургуну А.Д. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Д. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен биргеликте 2020-жылдын апрель айынан тартып ушул күнгө чейин бир топ батир уурулуктарын жасашып, мал, телефон, үй тиричилик техникаларын, унаа тетиктерин, кийим-кече, азык-түлүктөрдү уурдап жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Жалпысынан келтирилген чыгым 100 000 (бир жүз миң) сомдон ашуун каражатты түзгөн.


Учурда тергөө амалдары уланууда.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн