Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда бирөөнүн унаасын айдап качкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда бирөөнүн унаасын айдап качкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8-январь күнү саат 15:15 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефон номерине Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери телефон чалган. Анда 8-январь күнү саат 14:45 чамасында Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургунун өзүнө бейтааныш болгон 39 жаштагы жаран өз ара пикир келишпестиктен улам бутунун сан мүчөсүнө учтуу нерсе менен сайып, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетип калгандыгын билдирген. 


Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1984-ж.т. О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн