Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абаддын бюджетине 6 айда 2,423 млрд сом киреше түштү

29.07.2020 13:27
1016
Жалал-Абаддын бюджетине  6 айда 2,423 млрд сом киреше түштү


Жалал-Абад облусу 2020-жылдын алгачкы алты айына бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүн 103,5 пайызга аткарды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.


“6 айга бекитилген иш планы өз нугунда аткарылды. Облустагы өнөр жай тармагы 101,9 пайыз менен жыйынтыкталды. Бул тармактагы ишканалар карантинге карабастан ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айыл-чарба тармагы 103,5 пайыз менен жыйынтыкталды. Орчунду маселе болгон бюджеттик киреше бөлүгүнө салыктардан 2,423 миллиард 200 миллион сом акча каражаты түштү. Бизге коюлган планды 100,3 пайызга аткардык. Өткөн жылга салыштырмалуу 600 миллион сом көп топтодук", - деди облус жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн