Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Жалал-Абадда чек арачы 4 жашар кыздын өмүрүн сактап калды

20.08.2020 10:00
1018
Жалал-Абадда чек арачы 4 жашар кыздын өмүрүн сактап калды


Шамалды-Сай шаарчасында чек ара кызматкери 4 жашар кызды кырсыктан сактап калды.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.


Окуя 18-август күнү болгон.  Анда  Шамалды-Сай шаарчасында балдар ойноочу короодо турникке байланган жипке асылып калган кызды 2027 аскер бөлүгүнүн кызматкери Калысбек Эмилбеков сактап калган. Ал дем жетпей бараткан наристени жиптен чыгарып, эсине келе түшкөндө аянттагы кыз-келиндерге өткөрүп берген.


Куткарылган Аяна аттуу төрт жаштагы кыздын апасы 19-августта чек арачы Калысбек Эмилбековго ыраазычылыгын билдирип, Шамалды-Сай айылдык кеңеши чек арачыга сыйлык ыйгарган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн