Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 06:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөөгө 50дөй адам тартылды

04.04.2023 11:48
517
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөөгө 50дөй адам тартылды

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.


Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, кошумча ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн