Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:58
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жалал-Абадда депутат радикалдык чакырыктары үчүн 5 жылга камалды

02.08.2021 14:31
525
Жалал-Абадда депутат радикалдык чакырыктары үчүн 5 жылга камалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 УКМК 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ойлорун айткан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып менен 2020-жылдын ноябрь айында «М.А.Т.» аттуу жаранды кармаган.


Белгилүү болгондой, «М.А.Т.» кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.


2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн