Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда эки райондун жаштарынын ортосунда мушташ чыгып, 22 жаштагы бала каза болду

07.02.2022 11:22
1102
Жалал-Абадда эки райондун жаштарынын ортосунда мушташ чыгып, 22 жаштагы бала каза болду

Жалал-Абадда орун алган мушташта 22 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-февралда Базар-Коргон РИИБине аймактык ооруканадан 20-25 жаштардагы бала көкүрөгүнө учтуу нерсе менен сайылып, денесинен жаракат алып, каза болгон абалда алып келингендигин билдирген.


Алдын ала териштирүү учурунда 5-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, алардын арасында жүргөн Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургунун белгисиз адам учтуу нерсе менен көкүрөк тарабына сайып алгандыгы жана ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.


"Бул факты Ноокен РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин "Адам өлтүрүү" негизинде кылмыш иши козголгон. Каза болгон баланын аты-жөнү аныкталып, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Ноокен районунун 2005-жылы туулган тургуну А.Б. кармалып, 6-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн