Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда экстремисттик маанайдагы материалдарды социалдык тармактарда тараткан жаран кармалды

25.08.2022 17:17
311
Жалал-Абадда экстремисттик маанайдагы материалдарды социалдык тармактарда тараткан жаран кармалды

Экстремистик көз карашты жайылткан Жалал-Абад шаарынын 30 жаштагы тургуну камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликөө иш-чараларынын натыйжасында диний экстремистик, террористтик багытта аныкталган социалдык баракчада “ФБ” аккаунту аркылуу Жалал-Абад шаарынын “Ф” аттуу тургуну социалдык тиркемесин колдонуу менен Жалал-Абад шаарынын аймагында, Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористик уюмдардын биринин материалдарын ачык түрдө сактап, социалдык баракчалары аркылуу чакырыктарды жасап, бөлүшүп жатат - деген маалымат алышкан. 

 Бул факты боюнча чогулган материал 18.06.2022-жылы Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. 

     

   Тергөөнүн жүрүшүндө диний-лингвистикалык жана техникалык экспертизалар дайындалып, натыйжада “Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористик “Өзбекстан Ислам Кыймылы” уюмуна тиешелүү материалдарын бөлүшүп жүргөн”- деген корутунду чыгарылган. 


Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик “Өзбекистан Ислам Кыймылынын” уюмуна таандык материалдарын бөлүшүп жүргөн Жалал-Абад шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Х.Ф. экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.   

       

  2022-жылдын 24-август күнү жетиштүү далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык процессуалдык Кодексинин 96,97-беренелерине ылайык Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. 

     

    Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна өткөрүү максатында тергөө аракеттери мыйзам чегинде толук кандуу жүргүзүлүп жатат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн