Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун 28 жаштагы активдүү жактоочусу кармалды

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун 28 жаштагы активдүү жактоочусу кармалды



  2023-жылдын 27-мартында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан эл аралык террористтик уюмдун  активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, ал мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

   

 Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган. 

     

     Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.


                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн