Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда футбол академиясы курулат

19.01.2023 12:16
220
Жалал-Абадда футбол академиясы курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Нур» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Нур» ачык акционердик коомунун ишиндеги негизги багыт электр приборлорун чыгаруу болуп саналат, ал Россия Федерациясында да сатылат.


Компания жаңы технологияларды өздөштүрүп, анын ичинде электромобилдердин тетиктерин чыгарууну көздөп жатканы айтылды.


Министрлер кабинетинин башчысы өнөр жай ишканалары аймактын гана эмес, бүтүндөй республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап жаткандыгын белгилеп, ата мекендик ишканаларды колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.


Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарындагы Футбол академиясы курулуучу жерде болду.


Долбоордун алкагында эки футбол аянтчасы, жатакана, кийим алмаштыруучу жайлары бар трибуна, машыгуу залы курулат.


Акылбек Жапаров мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керектигин айтып, спорт менен машыгуу өсүп келе жаткан муундун кулк-мүнөзүн тарбиялап, эркин бекемдеп, ден соолугун чыңдай турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн