Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда хирургия борборун оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү

04.09.2020 12:33
1063
Жалал-Абадда хирургия борборун оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү


Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалыматка караганда, борбордун 100 орунга эсептелген, оңдоп-түзөө иштери август айынын башында башталган.

 

Бүгүнкү күнгө карата объектиде төмөндөгү жумуштар аткарылды: эшик-терезелерди толугу менен жаңыртуу, электрмонтаждоо жумуштары, канализация тармагы жаныртылды, таза суу жана жылуулук берүү тармагы толугу менен жаныртылды, долбоордун негизинде кээ бир ички дубалдары тургузулду, ички жана сырткы жасалгалоо, полдор долбоордун негизинде жаныртылды, сырдап-майлоо жумуштары аткарылды жана санитардык түйүндөр жаныртылып калыбына келтирилди.

 

Белгилей кетсек, смета менен каралган оңдоп-түзөө жумуштары республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 1,5 млн сом жана 10 млн сом “Аймактарды өнүктүрүү социалдык өнөктөш” Фондунун эсебинен  каржыланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн