Бүгүн, 20-июль күнү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургуну “Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Акунбеков Эрлист тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына 2 даана жасалма дем алдыруучу медициналык аппараты тапшырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
«Эң негизги
максат - эл менен тыгыз байланышта иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздап
жаткан милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да кам көрүү. Андыктан, бизден
жардам болсун деп ушул аппараттарды берип жатабыз, оорубаңыздар урматтуу орган
кызматерлери», - деди өз сөзүндө Э.Акунбеков.
Ал эми
Жалала-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов алгач
демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, «бүгүнкү аппараттардан сырткары ИИМден да
2 аппарат келди, бул медициналык каражаттар биздин кызматка берилет. Учурда
милиция кызматкерлеринин арасынан ооруга чалдыккандарга тез жана сапаттуу, өз
убагында тиешелүү деңгээлде кам көрүп, жардам берүү максатында мобилдик топтор
түзүлдү», - деди.
Бул топтор кызматкерлердин үйүнө чейин барып, медициналык жардам көрсөтүп, аппараттарды үй шартында да коюп берүүгө даяр экендиги белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн