Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалал-Абадда ири өлчөмдө пара алып жүргөн мамкадр кызматынын адиси кармалды

Жалал-Абадда ири өлчөмдө пара алып жүргөн мамкадр кызматынын адиси кармалды


Жалал-Абад облусунда мамлекеттик кадр кызматынын адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө түзүлгөн коррупциялык схема аныкталды.

Белгиленгендей, күн мурун КР мамлекеттик кадр кызматында тестирлөөнүн оң жыйынтыгы үчүн акчалай сыйлык алып жаткан учурда мамкадр кызматынын жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. кармалган.

"Кармалган кызматкердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары жана муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Айыпталуучу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн