Жалал-Абад шаарында киши өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын комендантты Жеңиш Жоробеков жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда областа коомдук абал туруктуу.
“22-апрелге караган түнү Жалал-абад облусунда 21 кылмыш иши катталган. Анын ичинен бир адам өлтүрүү фактысы орун алды. Жалал-Абад шаары боюнча азыркы мезгилде ыкчам тергөө иштери уланып жатат. Ал эми шектүү адамдар кармалган”, - деди комендант.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн