Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда кызын жаакка чапкан аялга карата кылмыш иши козголду

03.08.2022 11:34
1037
Жалал-Абадда кызын жаакка чапкан аялга карата кылмыш иши козголду

Социалдык тармактарга кызын жаакка чаап уруп жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.


— 2022-жылдын 28-июль күнү саат 10.00 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында 37 жаштагы Х.Н. өзүнүн кыздары 18 жаштагы Х.Н. жана 12 жаштагы. Х.Э.ни себепсиз уруп койгон (кыздарын уруп жаткан учур видеого тартып алынган).


Бул окуя боюнча кыздардын атасы 48 жаштагы О.Ж. арыз жазган. Топтолгон материал Сузак РИИБдин МЭЖне «Үй-бүлөлүк зомбулук» болуп катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Маалыматтарга караганда, үй-бүлө көптөн бери урушуп, чогуу жашашпайт.


Видеодо аял «мага кылган өнөрүң ушулбу?» деп кызды жакка чапкан, ал эми кыздын «Н. мени уруп жатат, бети-башыма, кулагыма уруп салды» деп арызданганын угууга болот.


Булак: "Сереп.кг"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эркин
Кыздардын ченден ашканы, родителей не выбирают, энеге баш ийбеген баланын жакшы келечеги жок