Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилди деген маалымат чындыкка дал келбейт

26.04.2023 09:42
276
Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилди деген маалымат чындыкка дал келбейт

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилген жок


Акыркы убакыттарда Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана автоунаалар текшерүүгө алынаары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

"Урматтуу жарандар Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө.


Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок.


Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт",- деп айтылат билдирүүдө.


Милиция жарандардан такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда таратуудан жана бөлүшүүдөн этият болууга чакырат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн