Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетин жуктурган 16 бейтап калды. Бул тууралуу 21-майда болгон брифингде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Анын айтымында, Соль-Илецк шаарынан келген Жалал-Абад облусунун тургундары эскертүүлөр берилип үй карантинине чыгарылган.
“Жалал-Абад облусунда коронавирус илдети 154 адамдан аныкталып, учурда алардын 16сы обсервацияда жатат. Аксы, Ала-Бука, Майлуу-Суу, Сузак, Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарында илдетти жуктургандар толугу менен айыкты. Ал эми Чаткал жана Тогуз-Торо районунда обсервацияда жаткандар бар”, - деди Өкмөттүн өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн