Жалал-Абадда коронавирус илдетинен айыккан 3 жаран үйлөрүнө чыгарылат. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине ишенимдүү булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облустук ооруканасында коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 3 жаран бул оорудан сакайганына байланыштуу үйлөрүнө чыгарылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.
Пикирлер (1)