Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда оору менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын мугалимдери тартылды

13.07.2020 13:47
1030
Жалал-Абадда оору менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын мугалимдери тартылды

Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын 26 мугалими тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 13-июлдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда. 

Бизде дарыгерлер боюнча маселе бар. Учурда 3 медайым кызыл зонада иштеп жатат. Баардык медиктерге кошумча каражаттар төлөнүп берилди. Ошондой эле үйдө болгон медициналык кызматкерлерди да чакырып жатабыз”, - деди  Ырысбек Ызабеков. 

Анын маалыматы боюнча, облуста коронавирус инфекциясы 642 адамдан аныкталса, 364 адам айыгып чыккан. Обсервацияда 168 адам болсо, 2070 жаран үй карантинде. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн