Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган
16 медицина кызматкеринин 12си илдеттен айыкты. Бул тууралуу 27-апрелде болгон
брифингде Жалал-Абад облусунун медициналык штабынын жетекчисинин орун басары Урмат
Боржуев айтты.
“Жалал-Абад облусунда 16 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алардын 12си илдеттен айыккан, ал эми 4 кызматкер үй карантининде жатат. Ала-Бука районунда 19 медицина кызматкери обсервацияда, алардан анализ алынып терс көрсөткүч чыкты. 12 күн болгондон кийин дагы бир анализ алынат, эгерде коронавирустун көрсөткүчтөрү жок болсо анда ооруканадан чыгарылат”, - деди Урмат Боржуев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн