Жалал-Абадда 2 бейтап коронавирус дартынан айыкты. Бул жарандар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Каратаев билдиргендей, оорудан айыккан 2 бейтап (1 аял, 1 эркек киши) Сауд Аравияга барып келишкен.
Буга чейин Кыргызстанда 3 адам аталган оорудан толугу менен сакайып кеткени белгилүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн