Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү саат 15:09да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Каду, Орток жана Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн