Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жалал-Абадда кумар оюндарын уюштурган эки жай аныкталды

16.02.2022 19:46
438
Жалал-Абадда кумар оюндарын уюштурган эки жай аныкталды

Жалал-Абад шаарында эки жашыруун оюн жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 15-февралында УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталып,  бөгөт коюлду.


Такталган боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин адам келип турган.


2022-жылдын 15-февралында КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, уюштуруучу К.А.К. жана администраторлор Т.к А. жана У.А.А, жана ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн