Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:22
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалал-Абадда күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду

20.01.2024 12:47
395
Жалал-Абадда күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду


Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» унаакүрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандардан тагырак айтканда, Жалал-Абад шаарынын тургундарынан түшкөн арыздардын алкагында, аталган ломбарддын ээлери 39 жаштагы А.С.М. жана 29 жаштагы М.Э.Т. аттуу кыргыз жарандары тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240% жылдык ссудаларды беришкен, аларга ишенип берилген адамдардын атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынгандыгы аныкталган. Алар бир канча убакыттан кийин келишимдердин мөөнөтү бүтөрүн күтпөстөн, өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык, башкача айтканда, алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 15-январында бул кылмыш ишинин алкагында «Чынчыл күрөөкананын» ээлери - 39 жаштагы А.С.М. жана 29 жаштагы М.Э.Т. кармалып, алардын жашаган жеринен тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди, азыркы убакта бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн