Бүгүн, 3-июлда Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлерикесиптик майрамына карата сыйланды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.
“Июль айынын алгачкы жекшембиси медиктердин кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Бул жылы коронавирус илдети менен күрөшүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чара уюштурулган жок. Ага карабай шаар бийлиги ак халатчандарды иштеген мекемесине барып куттукташып, Ардак грамоталар тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн