Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда мектеп директорлугуна талапкер 220 мугалимдин 61и тесттен өттү

12.08.2022 09:50
345
Жалал-Абадда мектеп директорлугуна талапкер 220 мугалимдин 61и тесттен өттү

Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 11-августта компьютердик тестирлөө өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, ага жалпысынан 220 адам катышып, 61 тесттен өттү.


Ушул эле күнү мындай сынак Баткенде дагы өткөрүлдү жана 147 талапкердин 60ы керектүү балл топтой алды.


Аталган министрлик өткөн айда Талас облусунда мектеп директорлорун тандоого байланыштуу биринчи пилоттук сынак өткөргөн. Эки мектеп директорунун орду үчүн ат салышкан төрт талапкердин үчөө өтпөй калган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн