Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:40
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жалал-Абадда милиция илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат (фото)

28.05.2020 10:42
882
Жалал-Абадда милиция илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат (фото)


Жалал-Абадда милиция илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй карантинге алынган жарандарды тиешелүү талаптарды бузбай, себепсиз эч жакка барбоого чакырышкан.Анда учурда өлкөдө жугуштуу илдеттин толкуну басаңдай электиги айтылып, беткаптарды тагуу менен бирге өз саламаттыгына кам көрүүгө үндөшкөн.


Мындан сырткары шаар тургундарына жөнү жок көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, санитардык жана жеке гигиеналык талаптарды толук кармануу зарылдыгы белгиленген.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн