Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда милиция мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

10.08.2021 16:30
835
Жалал-Абадда милиция мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
  1. Жалал-Абад милициясы чек аралаш айылдарда жана мечиттерде эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

      

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасынын экипажы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары жана чек ара кызматкерлери менен биргеликте райондун Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан айылдарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу, сууга чөгүү кырсыктарынын, топтошуп мушташуу жана башка ушул сыяктуу коомго терс көрүнүштөрдү болтуроо максатында, айылдардагы базарларда, соодо түйүндөрүндө, дарыканаларда жана эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. 


Ал эми Ноокен РИИБдин жетекчилиги Масы айылындагы борбордук мечитте, Ноокен районунда катталып жаткан үй-бүлөлүк зомбулук, сууга чөгүүлөр жана райондогу кылмыштуулук боюнча маалымат берип, андан соң ар кандай кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөп, кылмыштуулук боюнча маалымат болуп калса кайдыгер карабай, жарандык милдеттерди аткарууда милиция менен тыгыз байланышта кызматташууга чакырды. 

                                                  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн