Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жалал-Абадда милицияга «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды

02.05.2023 13:13
239
Жалал-Абадда милицияга «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды


 

28-апрелде ИИМдин коллегиясынын алдында аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ушул жылдын аягына чейин заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам-кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгы белгиленген. Анын натыйжасында өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилген.


Бүгүн 2-майда Жалал-Абад ОИИБге берилген «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин Нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылды.


Жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи. Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты. Коюлган милдеттерди так аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.


Ошондой эле «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга жигердүү катышкандыгы, мыкты даярдыгы, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана чеберчилиги менен аскердик жана укуктук тартипти жогорку көрсөткүчтө көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн