Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен иштешүүдө

14.07.2021 11:56
779
Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен иштешүүдө



            Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, ОИИБдин жорук иштери боюнча бөлүм башчысы милициянын полковниги Нурбек Масалимов жана Токтогул РИИБнин начальниги милициянын полковниги Замир Ормонов, Токтогул райондук администрация башчысынын орун басары Н.Кожобергенов, А. Нават кызы, медицина борборунун башчысы Н.Жумабаевдер менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы курамында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагына барышып, жергиликтүү бийлик өкүлдорү менен биргеликте ар кандай укук бузуулардын, жоруктардын жана кылмыштардын, ошондой эле бүгүнкү күндө көйгөй жаратып жаткан Ковид-19 илдетинин алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аталган илдетке каршы эмдөөлөр өтө маанилуу экендигин белгилеп өтүштү.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


           Ушундай эле багыттагы иш-чаралар Ноокен районунун аймагында да байма-бай жүргүзүлүп, калк арасында жаралып жаткан ар түрдүү маселелер боюнча көчмө кабылдама аркылуу арыз-доолор жана сунуштар кабыл алынып, ал багытта тиешелүү иштер алынып барылууда.


         Ал эми милиция кызматкерлеринин жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратына келген атуулдардын ден-соолугуна кам көрүү, Ковид-19 илдетинин алдын алуу максатында милиция бөлүмдөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. 

                                  

          

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн