Теке 05, 2024
Убакыт: 23:08
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Жалал-Абадда мыйзамсыз эмгектенген Бангладештин жарандары аныкталды

03.07.2024 14:37
211
Жалал-Абадда мыйзамсыз эмгектенген Бангладештин жарандары аныкталды


Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз эмгектен Бангладештин жарандары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында УКМК кызматкерлери ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныктаган.

Жыйынтыгында Бангладештин 46 жараны кармалган, алар миграциялык мыйзамдын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн