Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган 6 килограммдан ашуун баңгизат менен ок-дарылар аныкталды

25.02.2021 16:05
531
Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган 6 килограммдан ашуун  баңгизат менен ок-дарылар аныкталды



Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы

күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын

кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө   

багытталган «Транзит» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чаралардын

натыйжасында бир катар баңги кылмыштары ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Жүргүзүлгөн «Транзит» атайын операциясынын натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын

Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан

баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Кара-Көл шаарынан

аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран

кармалып, андан кендир жыты бар 48 даана таңгакталган зат табылып

алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 465 грамм гашиш алынган.

2020-жылдын 18-февралында ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусунун

башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Транзит» атайын

операциясын жүрүшүндө башка баңги кылмыштары дагы аныкталган. Кыргыз

Республикасынын 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук

заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз

даярдоо) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында

Кара-Көл шаарында тинтүү иш-чараларын жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында

МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итти пайдалануу менен 1987-жылы

туулган О.Б. аттуу жарандын сарайынан 88 граммды түзгөн «гашиш» жана

«марихуана» баңги каражаттары табылып алынган. Андан башка жыйырмадай

сайсыз ок атуучу куралдын ок-дарылары алынган.

   Мындан тышкары 2021-жылдын 19-февралында «Транзит» операциясынын

жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан дагы башка

фактысы аныкталган. МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итин

пайдалануу менен тинтүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында кара

куурай өзгөчө жытына ээ зат табылып алынган. Алынган “марихуана” баңги

затынын салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн. Тинтүү иш-чарасы

баңгизаттарды сатуучу С.Р. аттуу жарандын жашаган жери боюнча

жүргүзүлгөн, ал азыркы учурда Ош шаарындагы ЖАМКнын мекемелеринин

биринде жазасын өтөөдө.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды 771 граммды түзгөн.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн