Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда муктаж үй-бүлөлөр сыналгы менен камсыздалат

25.08.2020 09:56
854
Жалал-Абадда муктаж үй-бүлөлөр сыналгы менен камсыздалат

 

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусундагы 264 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары сыналгы менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурболот Мирзахмедов район-шаарлардын башчылары менен онлайн жыйын өткөрүп, окуу жылына карата бир катар даярдык көрүү тапшырмаларын берген.


Жыйында өкүл кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу режиминде ар бир балага тийиштүү шарттар жаратылып, сабактардан артта калбашы керектигин айткан.


Маалыматка таянсак, буга чейин Аксы районундагы муктаж үй-бүлөлөрдө билим алган балдар сыналгы менен толук камсыздалган. Буга салыштырмалуу Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда керектөөлөр жогору турат жана бир жуманын ичинде маселени жолго коюу тапшырмасы берилген.


Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусундагы 464 мектепте 235 миңден ашуун окуучу билим алат. Бул жылы 22 миң 279 окуучу биринчи класска барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн