Жалал-Абад
облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу
ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап жатышат.
“Ар кандай массалык талап-тоноочулуктардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн жумуштарга ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө. Аларга милиция кызматкерлери менен катар инструктаж өткөрүлүп, топтолгон жарандар болсо таратуу керектиги жеткирилүүдө. Тиешелүү тапшырмаларды алышкан соң бөлүнгөн аймактарында аба-ырайынын өзгөрүүсүнө карабай кызмат өтөшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн