Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда окуучулардын коопсуздугу милициянын көзөмөлүндө

01.09.2020 14:45
675
Жалал-Абадда окуучулардын коопсуздугу милициянын көзөмөлүндө


Бүгүн 1-сентябрда мектеп окуучуларынын коопсуздугу Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуларды кабыл алып жаткан мектептерде иш алып барышууда. Алар автоунаа көп жердеги жол чийиндерден окуучулардын өтүүсүн жана коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.


Ошондой эле айдоочуларга автоунаасын мектептердин жанында акырын айдоо керектиги түшүндүрүлүп, жол эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилип жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн