Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда окуучуларга сууга түшпөй, онлайн окууну улантуу эскертилди (фото)

07.05.2020 09:34
1096
Жалал-Абадда окуучуларга сууга түшпөй, онлайн окууну улантуу эскертилди (фото)


Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мугалимдер жана социалдык педогогдор менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн дистанттык окуусуна байланыштуу жана карантин мезгилинде сууга түшүүлөрдүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Жалал-Абад ШИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, алар шаарга караган Тайгараев айылындагы ар бир үйгө кирип, эскертүү баракчаларын таркатышты. Окуучулардын онлайн сабактарын үзгүлтүккө учуратпоо керектиги айтылып, күн ысыган мезгилдерде балдарына көзөмөл кылып, сууга түшүүлөрдүн алдын алууга чакырышты. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумуна да көз салууга үндөштү.


Мындан тышкары коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо багытында бир топ иштер жүргүзүлүп, көчөдө өспүрүмдөрдүн негизсиз жүрүүлөрүнө жол бербөө керектиги эскертилди.


Милиция кызматкерлери ата-энелерге санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана өздүк гигиенаны сактоону айтып, зарыл жумуштар болбосо үйдө отурууга чакырышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн