Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда орус жаранынан 3 миң доллар талап кылган мамлекеттик нотариус аныкталды

08.08.2022 11:56
395
Жалал-Абадда орус жаранынан 3 миң доллар талап кылган мамлекеттик нотариус аныкталды


    КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет.


Белгилүү болгондой,   кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

 

  2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

 

   Учурда тергөө иштери уланууда.


    

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн