Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда өспүрүмдөргө жүргүзүлгөн рейддин алкагында дайынсыз болуп жаткан бала табылды

03.02.2023 16:56
339
Жалал-Абадда өспүрүмдөргө жүргүзүлгөн рейддин алкагында дайынсыз болуп жаткан бала табылды

Жалал-Абаддагы түнкү рейдде 9 өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилип, дайынсыз болуп жаткан 1 бала табылды. 


Жалал-Абад ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан «Түнкү өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейдде шаардык мэрия, социалдык коргоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери социалдык педагогдор кошо жүрүштү.


Шаар аймагындагы көчөлөрдө 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жана компьютер клубдарында оюн ойноп жатышкан 9 өспүрүм аныкталды. Алардын баары Жалал-Абад ШИИБге алынып келинип, ата-энелерине тапшырылып, тынымсыз көзөмөлгө алуу зарылдыгы катуу эскертилди. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде ата-энелерге 1000 сомдон айып пул салынды.


Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн 1 өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде табылган баланын атасы милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.


Мындан сырткары Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги шаар аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине барышып, кичи автобустарга жабыштырууга эскертүү баракчаларын таратышты. Маалымат баракчасынын мазмунунда жүргүнчүлөр өздөрүнүн баалуу буюмдарына сак болуусу керектиги камтылган. Белгилей кетсек Жалал-Абад шаарында 200гө жакын кичи автобус эл ташыйт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн